Марал Радиосу

Рафаэль Физиев атаандашын техникалык нокаут менен утту[видео]

Бүгүн, 13-декабрда АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн UFC 256 турниринде кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев бразилиялык Ренато Мойкано менен беттешти.

Анда Рафаэль Физиев биринчи бөлүктө атаандашын техникалык нокаут менен жеңип алды.

Белгилей кетсек, Рафаэль Физиев акыркы беттешин Абу-Даби шаарында британиялык Марк Диакис менен өткөргөн,Физиев калыстардын чечими менен жеңүүчү аталган. Мушкер мыкты беттеши үчүн турнирден 50 миң доллар кошумча акы алган.