Марал Радиосу

БШК президенттикке талапкерлердин күбөлүгүн тапшырды

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке аттанган 18 талапкерди каттап, күбөлүктөрүн тапшырды. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирди. Ага ылайык, 20 талапкердин 18и бардык талаптарды аткарган. Күбөлүк алган талапкерлердин тизмеси төмөнкүдөй:

  1. Мадумаров Адахан Кимсанбаевич;
  2. Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич;
  3. Исаев Канатбек Кедейканович;
  4. Тагаев Рашид Бакирович;
  5. Байгуттиев Женишбек Сейтбекович;
  6. Сооронкулова Клара Сыргакбековна;
  7. Касенов Аймен Абдыталипович;
  8. Арстанбек Мыктыбек;
  9. Калмаматов Бактыбек Орозалиевич;
  10. Ташов Имамидин Асамидинович;
  11. Асанов Курсан Сатарович;
  12. Иманалиев Каныбек Капашович;
  13. Джеенбеков Равшан Бабырбекович;
  14. Абакиров Эльдар Курманбекович;
  15. Кочкоров Улукбек Тойчубаевич;
  16. Тольбаев Бабыржан Латиханович;
  17. Сегизбаев Абдил Кенешевич;
  18. Жапаров Садыр Нургожоевич.

Эскерте кетсек, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт.