Марал Радиосу

Жаш окумуштуулардын демин сууткан ЖАКтагы бюрократия

Илимий даража алуу — татаал процесс. Анткен менен даражага жетүүгө далалат кылгандардын саны өтө көп. Мунун материалдык кызыкчылыгы да болот. Маселен, даражасы жок окутуучуга караганда даражасы бар окутуучунун карьералык өсүп-өнүгүүсүндө, жогорку кызматтарга орношуусунда, эмгек акысында бир катар артыкчылыктар каралган. Муну менен бирге кадыр-барк, аброй күтүүгө да жол ачат. Тилекке каршы, өз акыл эмгеги менен илимий даража алуу бир кыйла түйшүктү талап кылгандыктан, оңой жол менен жетүүнү көздөп, тааныш салуу же акча берүү аркылуу алгысы келгендер жок эмес. Кала берсе, башкалар жазып берген диссертациянын арты менен даражага жеткендер да четтен табылат. 

Биз бир катар жаш изилдөөчүлөр менен бул темада маектешип көргөнүбүздө, алар эртеңки күнүнөн кооптонуп, аты-жөнүн ачык бербөөнү суранышты. Негизинен бюрократия менен коррупция илимий даража алууну татаалдаштыра турганын айтышып, бул тармакты реформалоо күндүн талабы деп эсептешет.

Алгач илимий даража менен илимий наам деген эмне экенин аныктап алсак:

Илимий даража — окумуштууларга, ЖОЖдо эмгектенгендерге, белгилүү бир тармакты изилдеген адистерге ошол илимди жактаган эмгегине жараша берилүүчү атайын чен. Азыр чет өлкөлөрдөгү илимий изилдөө мекемелеринде бакалавр, магистр, доктор деген илимий даражалар бар. Кыргызстанда илим жактагандан кийин илимдин кандидаты же илимдин доктору деген даража ыйгарылат.

Илимий наам — билим берүүчү же илим изилдөөчү мекемеде иштеген ишине, жүргүзгөн ишмердигине жараша берилүүчү чен. Ал ассистент, кенже илимий кызматкер, илимий кызматкер, ага илимий кызматкер, жетектөөчү илимий кызматкер, башкы илимий кызматкер, окутуучу, ага окутуучу, доцент, профессор деген атактардан турат.

Кыргызстанда илимдин кандидаты, илимдин доктору даражаларын алууда же диссертация жактоодо мамиле, алака-катыш да таасир этет. Маселен, жетекчиси комиссиянын курамындагы кимдир бирөөгө жакпай калгандын айынан эле илимий даражага талапкердин деми сууган учурлары кездешет. Ошондой эле илимий даража алууда өлкөнүн экономикалык-социалдык абалы, илимге жеткиликтүү көңүл бөлбөө да тоскоолдук жаратып, мындан улам жаш изденүүчүлөр жабыркап келерин илимдин кандидаты билдирди.

Анын айтымында, жактоо учурунда же ага чейин илимий жетекчиң менен окумуштуулардын ортосунда кандайдыр бир субъективдүү пикир келишпестиктер болсо, же илим чөйрөсүндө карама-каршы пикирде болушса, анда анын аспирантына кандайдыр бир бут тосуулар болушу мүмкүн.

«Албетте, бул эле табигый антипатия экендигин эске алышпай калышат, натыйжада тоскоолдуктар, бут тосуулар болуп, мөөнөтүнөн кечиктирип, кол коюп бергиси келбей, сенден бир нерсе үмүт эткен учурлар кездешет. Булар субьективдүү мамиле деп эсептейм. Ошондой эле Кыргызстанда бүгүнкү күндөгү орточо айлык менен окумуштуулук даража алуу өтө кыйынчылык туудурат. Жеке өзүнүн күчүнө ишенген адамдар жана жеке тааныш менен колунда барлардын ортосунда айырма болот. Бардар болсоң, таанышың болсо, мүмкүнчүлүктөр көбүрөөк болот экен. Материалдары эртерээк чыгып, бут тосуулар азыраак болот. «Кой, бул — баланчанын кишиси, өткөрүшүбүз керек» дегендей мамилелерди байкадым. Кимдир бирөөнүн кызы, баласы болсо, аларга мүмкүнчүлүктөр чектелбейт экен. Бирок, жалпы жонунан аракет кылган адамдыкы деле болот«.

Ушул жылдын апрель айында Жогорку аттестациялык комиссия жаңы жобо кабыл алган. Ага ылайык, илимий даража алуучуларга талаптар татаалдашкан. Маселен, талапкер бир же бир нече макаласын ЖАКтын журналына жарыялашы керек. Жөн гана өзү билген тилде эмес, журналды эл аралык аброй-деңгээлге чыгаруу үчүн сөзсүз орус жана англис тилинде жазышы зарыл. Мындан тышкары өзү тандап алган багыт боюнча журналга мурда жарыяланган макалаларга шилтеме бере кетүү, коошсо, коошпосо да алардан цитата кыстаруу талап кылынат. Мындай талаптарды орундаткан макаланын журналга батыраак жарыялануусуна зор мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Бул тармактагы тамырлашкан бюрократия илимий наам алуу үчүн болгон далалатты суутуп, убактысынын көбүн «жеп» коюп жатканын жаш илимий даража алууга талапкер айтып берди.

«Мен четтен билим алып келгендиктен, алгач Жогорку аттестациялык комиссия менин PhDми таануусу керек болчу. ЖАК талап кылган бардык документтерди тапшырып, бирок мен жактай турган илимий багыт Кыргызстанда жок болгондуктан, туура эмес тармакка арыз тапшырып алгам. Мындан улам кайрадан тапшырууга туура келип, толугу менен бир жылдай убакыт кетти. Азыр университет даража алуу үчүн шарт койсо, биринчи кезекте Кыргызстандын Жогорку аттестациялык комиссиясы эмгегимди таанышы керек. Ал үчүн бир канча документтер керек экен. Мисалы, «Окуу жайдагы илимий катчыңардын колу керек», — дейт, бизде илимий катчы жок. «Макалаңды коррупция болбошу үчүн чабарман алып келүүсү керек», — дейт, ал үчүн макаланын баарын кагазга чыгаруу керек. Азыр санарип доорунда электрондук түрдө жибере турган кылып койсо болмок. Бул бүтпөгөн кагаз иштерин нагыз бюрократия десек аша чапкандык болбос. Мындай бюрократиядан чарчаган жаным: «Кыргызстандан илимий даража алуу мага канчалык зарыл?» — деп да ойлоп, чет өлкөдөн эле алгым келип кетет». 

Тажикстандан кандидаттыгын жактап келген Кенжебек Какишов чет өлкөлөрдө илим жактоо шарттары жакшы каралганын айтат.

«Тажикстанда изденүүчү катары катталганда жылына 320 доллардан төлөчүбүз. Өзүнүн жарандары арзаныраак төлөйт. Чет элдик жаран катары бизге ушундай сумма коюлган. Ошол жагынан университет башка мамлекеттен келген студенттерден пайда табат да. Изденүүчү даражасынын жардамы менен Кыргызстандан эле эмес, Борбордук Азиянын бардык өлкөлөрүнөн барган көптөгөн жаш илимпоздор бир жарым жылдын ичинде кандидаттык же докторлук диссертациясын жакташат».

Кыргызстанда илимий кызматкерлердин саны көбөйгөнү менен изилдөө иштеринин сапаты төмөндөп кетти. Бул тууралуу Өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында Жогорку аттестациялык комиссиянын төрайымы Бакыт Тыналиева билдирди.

«Бул тармак элибиздин билимге жана интеллектуалдык ишмердүүлүккө умтулуусунун оптималдуу көрсөткүчү болуп саналат. Эксперттерибиз белгилегендей, илимий кызматкерлер көбөйгөнү менен изилдөө иштеринин сапаты төмөндөп жатат. Ири ачылыштар, практикалык пайдалуу иштелмелер азайгандан азаюуда. Диссертацияларда анализ басымдуулук кылып, аны жазгандар тигил же бул маселени башкача өңүттө кароо менен чектелип калууда. Булардын акыры барып, каржылоого такалат. Кыргызстанда илимди каржылоо ички дүң өндүрүмдүн 0,08 %ын түзөт».

Кыргызстанда илимий даража алуу — мурдагы Советтер Союзунан калган система. Ал учурда бул эң күчтүү системалардын бири болгон. Бирок бүгүнкү күндөгү өлкөнүн илимий изилдөөлөрү дүйнөлүк илимий өнүгүүгө айкалышпай, бир аз четте калып жатканын Казакстандагы Назарбаев университетине караштуу Жогорку билим берүү мектебинин профессору Дүйшөн Шаматов билдирди.

«Менин байкашымча, Советтер Союзу кыйрагандан кийин деле системага байланыштуу биздеги илимпоздордун көпчүлүгү заманбап изилдөө усулдары менен тааныш болбой, эл аралык аренага чыга албай, илимий ачылыштар менен аралаша албай жатышат. Буга ошол эле системанын эскиргендиги, чет тилдерин жакшы өздөштүрө билбегендиги тоскоол болууда. Ошондой эле жаш үйрөнчүк илимпоздордун илимий изилдөөсүнө коюлган талаптар эски бойдон. Илим изилдөөнүн усулдарын үйрөтүүчү атайын сабактардын, курстардын дээрлик жоктугу да көйгөй жаратууда. Маселен, мен чет өлкөдө окуганда, атайын изилдөө курстардан сабак алгам. Мындай курстар магистратурада да, доктарантурада да бар. Илим изилдөөнүн усулдарын үйрөнүп алып, анан теманы тандап, изилдөө жүргүзө алат. Бизде мыкты илимпоздор бар, бирок аларга эч ким үйрөтпөстөн, өздөрү изденип, өздөштүргөн«.

Дүйшөн Шаматов белгилегендей, Кыргызстандын билим берүү тармагына өнүккөн өлкөлөрдүн илимий тажрыйбасы болгон Болон системасынын принциптери киргизилип, мунун негизинде жогорку окуу жайлар 4 жылдык бакалавриатка өтүп, окуусун андан ары улантуу үчүн магистратура ачылган. Тилекке каршы, магистратурадан кийинки кадамдар так иштелип чыкпагандына байланыштуу жаш окумуштуулар айланып келип эле аспирантурага тапшырууга аргасыз болушууда. Мындан улам учурда PhDди системасын киргизүүгө аракет жасалып жатат. Бирок Кыргызстанда эки система тең болгондуктан бир аз башаламандык пайда кылып койгон жагдайлар жок эмес.

Илим тармагындагы дагы бир көйгөйлүү маселе, агрардык өлкө болгонубузга карабай, айыл чарба, ветеринария сыяктуу зарыл багыттарда илим жактагандар саналуу гана, жокко эсе десек деле жаңылбайбыз. Жаш окумуштуулардын басымдуу көпчүлүгү атак-аброюна карап, экономика, юридика, медицина тармактарынан даража алууну ылайык көрүшөт. Ошол эле учурда дүйнө жүзүндө жигердүү ишке ашырылып жаткан жеке инвестицияларды илимге тартуу тажрыйбасын Кыргызстанга да алып келүү зарылдыгы жаралууда.

Маалымат катары айта кетсек, Жогорку аттестациялык комиссия 1993-жылы түзүлгөн. Аталган жылы мекемеден 7 илимдин доктору, 41 илимдин кандидаты аттестациядан өтсө, 2019-жылы 55 доктор жана 229 кандитат аттестациядан өтүп, илимий даража алган. Учурда Кыргызстанда 1 миң 131 илимдин доктору, 4 миң 835 илимдин кандидаты бар. Бул деген өлкөдөгү 1 млн адамга 994 окумуштуу туура келет дегенди билдирет. Демек Кыргызстанда илим жактагандардын саны өсүп жатат. Мындан улам Жогорку аттестациялык комиссия болжол менен жыл сайын 52-54 диссертациялык кеңеш түзөт.

Exit mobile version