Марал Радиосу

«Пандемия Бишкекте жакыр үй-бүлө көп экенин ачыкка чыгарды»

Пандемия Бишкекте жакыр үй-бүлөлөрдүн көп экенин ачыкка чыгарды. Бул тууралуу Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Майрам Мамбетова «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, ички миграциянын айынан айрым жардамга муктаж үй-бүлөлөрдө социалдык өнүктүрүү башкармалыктарына келип каттоого туруу үчүн документтери жок.

«Убактылуу жайга кайрылгандар негизинен ичкиликке берилген адамдар. Алардын арасында 20 жаштагылардын да болушу жүрөктү оорутат. Биз аймактан келеби, шаарда болобу, баш калкалаар жери жок жарандарды кабыл ала беребиз. Убактылуу жайга алууда критерий деле жок», — Мамбетова.

Ал белгилегендей, муктаж жарандарга жардам берүүнү каалагандар райондук башкармалыктарга кайрылса, колдоого муктаж адамдардын тизмеси берилет.