Марал Радиосу

Орусияда дагы 28 миңдей адамдан коронавирус аныкталды

10-декабрга карата соңку сутка ичинде Орусиянын аймагында 27 927 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды.

Өлкөнүн ыкчам штабынын маалыматы боюнча, жаңы бейтаптар федерациянын 85 аймагында жашайт.

Пандемия башталгандан бери Орусияда жалпы 2 миллион 569 миң 126 адамдан коронавирус тастыкталган.

Акыркы сутка ичинде 562 адам каза болгон. Коронавирус курмандыгы болгондордун жалпы саны өлкө ичинде 45 280 адамга жетти.