Марал Радиосу

Акылбек Жапаровдун жубайы бюджетке 200 млн сом төктү

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаровдун жубайы Анара Жапарова бюджетке 200 млн сом төктү. Бул тууралуу Бишкекте өткөн Координациялык кенештин жыйынында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Сыймык Жапыкеев билдирди.

Анын айтымында, Анара Жапарова ээлик кылган компаниялар салык жашырып келгени аныкталып, бюджетке 200 млн сом төгүп берген.

Ысык-Ата районундагы өнөр жай, соода жана айыл чарба багытындагы 30га жакын кыймылсыз мүлк объектилерине ээлик кылган МИС (Машина сыноочу станция) компаниясы камсыздандыруу төгүмдөрү жана башка социалдык төлөмдөр үчүн милдеттүү төлөмдөрдү жүргүзгөн эмес.

Финансы полициясынын 30-октябрдагы маалыматы боюнча, МИС компаниясы 90 млн сом салык төлөбөй келген.