Марал Радиосу

COVID-19: Нур-Султан шаары «кызыл зонага» кирди

Коронавирус жайылып кетүү коркунучунан улам Казакстандын борбору Нур-Султан шаары «кызыл зонага» киргизилди. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, «кызыл зонага» Нур-Султандан тышкары, Павлодар облусу да кирген.

«Сары зонага» Алматы шаары, Атырау, Костанай, Акмола, Чыгыш-Казакстан жана Түндүк-Казакстан облустары кирет.

Ал эми калган аймактар «жашыл зонада».

Казакстанда Элбашы Нурсултан Назарбаев баштаган бир нече бийлик өкүлдөрү да бул илдетке чалдыгып айыккан.

Пандемия башталгандан бери Казакстанда 139 миң 159 адамдан коронавирус аныкталып, 2 миңден ашык бейтап көз жумду.

 

Exit mobile version