Марал Радиосу

Улуттук адабият күнүнө карата поэзия кечеси өтөт

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги 12-декабрь – Улуттук адабият күнүнө карата «Эргүүгө айланган кыш» аталышындагы поэзия кечесин өткөрөт.

Ал бүгүн, 10-декабрь күнү Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматында (Кыргызпатент), ал эми 11-12-декабрь күндөрү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде өткөрүлөт.

Программага белгилүү акын-жазуучулар жана чыгармачыл, өнөр адамдары катышат.

12- декабрь — улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү жана улуу акын Алыкул Осмоновдун көзү өткөн күнү. Мындан улам 2011-жылы Кыргыз улуттук жазуучулар союзу аталган символикалуу датаны «Улуттук адабият күнү катары белгилеп берүү жөнүндө» Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдогон. Кайрылууну V чакырылыштын депутаты Эгемберди Эрматов демилгелеп, жалпы сессияга алып чыккан. Депутаттар сунушту бир добуштан колдоп, тиешелүү токтом чыгарып берүү үчүн Өкмөткө жөнөтүшкөн.