Марал Радиосу

Коррупцияны санариптешүү жана таза кадрлар гана тыя алат

9-декабрь — Бүткүл дүйнөлүк коррупцияга каршы күрөшүү күнү. Коррупциянын деңгээли боюнча «Transparency International» эл аралык уюмунун 2019-жыл үчүн чыгарган рейтингинде Кыргызстан 100 упайдын 30уна гана ээ болуп, 180 мамлекеттин ичинен 126-орунду ээлеген. Эл аралык уюмдардын изилдөө эрежеси боюнча 30 баллдын айланасында же андан төмөн упай алган өлкөлөр жемкорлуктун сазына баткан делип эсептелет.

Мындан бир ай мурун «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасында коррупциялык схема аныкталган. Маалым болгондой, тендерден уткан тарап 2 жылда эң чоң материалдык пайда алуу максатында мамлекеттик ишкананын жооптуу кызмат адамдары менен жең ичинен сүйлөшүп, жогорку сапаттагы жыгач шпалдардын ордуна, стандарттарга жооп бербеген сапатсыз шпалдарды алып келишкен. Мунун айынан мамлекетке 25 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

Ошондой эле 7-декабрда Тарых музейин оңдоп-түзөөдө жана Чолпон-Атадагы ат майданды салууда коррупциялык аракет болгон деген соттук өкүм жокко чыкты. Буга чейин жогорудагы 2 долбоор өлкө казынасына 247 млн сомдук зыян келтирилгени аныкталган болчу. Бул эки факты Кыргызстандагы коррупцияга байланышкан соңку 2 чечим болду.

Коррупцияга каршы күрөштө ар кандай ыкмалар көп жылдык пландарга киргизилип, президенттик деңгээлде чара көрүү болгону менен Кыргызстандын көрсөткүчү алгылыктуу эмес. Башкаруудагы кырдаал өзгөргөн учурда коррупция менен камалган чиновниктерге саясий куугунтук болгон деген чечим чыгып, боштондук алган учурлар да бар.

Саясий эксперт Айданбек Акматов жемкорлукту эки топко бөлүп кароо керектигин айтат. Биринчиси, мамлекеттеги каржылык агымдарды көзөмөлдөө, кендерди сатуу өңдүү чоң паракорчулук фактылары; экинчиси, турмуш-тиричиликтеги майда болсо да, мамлекетке терс таасирин тийгизип жаткан учурлар. Анын ою боюнча, азыр биздин өлкө коррупцияга каршы күрөшүү үчүн бийликтин ар кандай кысымына туруштук бере алган парламент, ачык-айкын чагылдырган басма сөз кызматтарына муктаж. Анан да көз карандысыз сот системасын түзүү зарылчылыгы бар.

«Мамлекет абсолюттук түрдө көз карандысыз сот системасын түзүү керек. Сот парламентке да, президентке да көз каранды болбошу керек. Эгерде биз президенттин алдына парламентти салып бере турган болсок, мындай иштер менен эч качан күрөшө албайбыз. Себеби көп учурда биздин тарыхыбызда мамлекет башчылар биринчи ролго отуруп алып, бул схема гүлдөп иштеп келген буга чейин».

Акматов мамлекет башчыга таасир бере турган «рычаг» болбой келгенин, кээ бир депутаттар ачык-айкындуулукту карманганы менен, алар деле бул көрүнүшкө туруштук бере албасын кошумчалады.

«Президенттер парламентти басып алып жатты. Мындайча айтканда, «өзүнө имерип, көзөмөлгө алды» баарын. Парламентте президентке таасир эте турган «рычаг» жок. Коррупцияны айткан депуттарды, саясий ишмерлерди колдон келет кылып, түрмөгө отургузуп коюп жатышат».

Экономика министринин мурдагы орун басары Эльдар Абакиров жемкорлукту азайтуу үчүн бардык тармакты автоматташтыруу зарыл деген ойдо. Ал мисал катары жол коопсуздугу тармагындагы паракорчулук «Коопсуз шаар» долбоору киргенден кийин тыйылганын келтирди. Ошондой эле бийликке келгендердин коррупцияны тыюу ниети эмнеге ишке ашпай жатканы тууралуу сөз кылды.

«Мамлекет башчыларыбыздын баары эле келе жатканда коррупция менен күрөшөбүз дешет. Бирок жылыш жок. Анын коррупцияга каршы күрөшүү ниетин кантип билсе болот? Биринчи, койгон кадрларынан билинет. Баягы эле кызматка жанталашкандарды, «Мени тиякка кой, биякка кой» дегендерди койсо, анда коррупция кайра күчөйт. Эгер ар бир кызматка ачык сынак жарыяланып, чет өлкөдөгү ири корпорацияларда иштеген мекендештерди чакырсак, анда иш жылат. Элде да коррупция менен күрөшүү чындап эле жүрүп баштады деген түшүнүк пайда болот. Тууган-урук, дос-тааныштарын койбой,  резюмесине ишенген кадрлар келиши керек. Тилекке каршы, биздин бир да президент муну кыла алган жок». 

Депутат Алтынбек Жунус уулу жемкорлук такыр жоюлбай келет дегенден алыс. Анын айтымында, акыркы 10 жыл аралыгында, коррупция бир канча эсе жоюлган. Муну ал көп тармак автоматташтырылганы менен түшүндүрдү. Ага мисал катары, паспорт алуу, унааны каттатуу сыяктуу бир катар учурлар болушунча турукташып, паракорчулук айтаарлык азайганын келтирет. Анткен менен алдыда дагы да кыла турган жумуштар абдан көп деп, төмөнкүлөрдү санап өттү:

«Бүгүнкү күндө мисалы, салык жана бажы кызматы коррупцияга малынган. Муну жакшы курамдагы Өкмөт келип иштетмейинче, бул көрүнүш токтобойт. Чек арадагы аткезчиликтин баары экономикага терс таасир тийгизип жатканы айдан ачык». 

Эскерте кетсек, 9-декабрь — Бүткүл дүйнөлүк коррупцияга каршы күрөшүү күнү Кыргызстанда 2003-жылдан бери белгиленип келет.

Даярдаган: Тумара Карыпбекова

Exit mobile version