Марал Радиосу

Бишкектин түштүк-батыш көрүстөнү жабылат

Бишкек шаарынын түштүк-батыш көрүстөнү 2021-жылдын 1-январынан тарта жабылат. Бул тууралуу мэрия расмий сайтына жарыялады.

Тиешелүү буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койгон.

Маалыматка караганда, аталган көрүстөндү жабууга анын аймагында сөөктү жерге берүүгө жер тилкеси калбагандыгы себеп болгон.

Ошондой эле «Ала-Арча», «Жер-Ынтымагы» конуштарынын тургундарынын кайрылуулары жана Экотехинспекция, Санэпидкөзөмөл борбору, «Бишкек башкы архитектура» ишканасынын корутундусу себеп болгон.

Мындан кийин сөөк коюу үчүн Чүй облусунун Аламүдүн районунун Грозь айылындагы аймак даярдалат.