Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 10-декабрда түнкүсүн жана күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, тоолуу аймактарында кар жаайт. Калган облустарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Жолдорго муз тоңот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө: түнкүсүн -6…-11, күндүз -2…+3;
Талас облусунда: түнкүсүн -9….-14, күндүз -1…+4;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында: түнкүсүн -1…-6, күндүз 2…+7;
Ысык-Көл облусунда: түнкүсүн -4…-9, күндүз -2…+3;
Нарын дубанында: түнкүсүн -15…-20, күндүз -1…-6.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -7…-9, күндүз 0…2 градус болот.