Марал Радиосу

«Саясатчы бирөөнү каралоо аркылуу өзүнүн алсыздыгын көрсөтөт»

Коом бийликти көзөмөлдөгөнгө жетишкенде гана акыйкаттык, адилеттүүлүк орнойт. Мындай пикирин Factcheck.kg сайтынын редактору Болот Темиров «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бийликке бара жаткан саясатчылардын, кызматта отурган чиновниктердин ишин көзөмөлдөө кажет. Алар кандай маалымат таратып жатканын дайыма текшерип туруу керек.

«Адамдар алсыздыгынан, өзүнө болгон ишенимдин төмөндүгүнөн улам башкаларды жамандайт. Шайлоо алдындагы кара пиарларда муну эстен чыгарбоо керек. Эгерде жаман иш кылганы чындык болсо, далилдер жетиштүү болсо, анда ишенүүгө болот. Саясатчылар кызматкерлери аркылуу жалган маалымат таратып, упай топтоого аракет кылат. Муну менен ал өзүнүн алсыздыгын көрсөтөт», — деди Темиров.