Марал Радиосу

Министрлик: Коронавирустун экинчи толкунуна карата даярдык планы бар

Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирустун экинчи толкунуна карата даярдык планын иштеп чыккан.

Министрликтин өкүлү Айнура Акматованын айтымында, кошумча стационарлар уюштурулуп, бейтаптарды дарылоо боюнча клиникалык протоколдун 5 варианты каралууда.

«Дары-дармек, ИВЛ аппараттары, кычкылтек концентратору, жеке коргонуу каражаттары, дезинфекциялоо каражаттары, антисептиктер сатылып алынган жана запасы даярдалган», — деди Акматова.

Тогуз стационарда оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, 3 жаңы стационар курулду.

Кыргызстанда 8-декабрга карата коронавирус менен катталгандардын жалпы саны 75 миң 690го жетти. Каза тапкандардын жалпы саны 1301, айыккандар 67 миң 873тү түзүүдө.