Марал Радиосу

Улуттук банк 10 млн 300 миң доллар сатты 

Кыргызстандын Улуттук банкы кезектеги интервенцияны жүргүзүп, валюта рыногуна 10 млн 300 миң доллар сатты. Мындай маалымат банктын сайтына жарыяланды.

Бул декабрь айындагы экинчи жолу жасалган интервенция, буга чейин 1-декабрда 5 млн 250 миң доллар сатыкка чыккан.

Жыл башынан бери Улуттук банк валюта рыногунда 27 жолу интервенция жасады.

Кыргызстанда учурда доллардын курсу 85 сомдун тегерегинде болууда. 8-декабрга карата расмий курс 84 сом 79 тыйын.