Марал Радиосу

Дагы 2 миңге жакын мектепте окуу жандандырылды (тизме)

Кыргызстанда дагы 1843 мектепте реалдуу режимде окутуу жандандырылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

Министрлик тизме түзүлөрдө ар бир шаар, айылдагы эпидемиологиялык абал эске алынганын билдирди.

Анын ичинен:

Ушул жылдын 11-ноябрынан тарта 1489 мектепте 1-6-9-11-класстар салттуу түрдө окуй башташкан. Учурда жалпы 2152 мектепте окуу улантылууда.