Марал Радиосу

Трамп Жоржия штатында митинг өткөрдү

Американын Жоржия штатындагы Валдоста шаарында Дональд Трамп президенттик шайлоодо утулуп калгандан кийинки биринчи митингин өткөрдү.

Учурдагы мамлекет башчы тарапташтарына президенттик шайлоодо жеңишке жетиши мүмкүн экендигин айтып: «Президенттик шайлоодо бурмалоолорго барышты, бирок биз баары бир аларды жеңебиз», — деди.

Американын мыйзамына ылайык, Трамп шайлоодо утулганын расмий түрдө мойнуна албай жатканына карабастан, 20-январда Ак үйдү демократ Жо Байден өткөрүп алат.

АКШда президенттик шайлоо 3-ноябрда өткөн. Маалыматка ылайык, Байден Трампка караганда көбүрөөк добушка ээ болуп, жеңишке жетишкен. Байден учурдан баштап өзүн АКШнын жаңы президенти катары эсептейт. Ал эми Трамп шайлоодон жеңилгенин моюндаган жок, добуштарды саноодо «мыйзам бузуулар болгон» деп эсептейт.