Марал Радиосу

Банк тутумундагы өтүмдүүлүк коэффициенти 66,2 %ды түздү

2020-жылдын 30-сентябрына карата банк тутумундагы өтүмдүүлүк коэффициенти 66,2 %ды түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматында айтылат.

2019-жылы бул көрүнүш 64 %ды түзгөн. Негизинен стандарттык чен-өлчөм 30% болушу керек.

Банк секторунун ички салымдары 1,2 %ды (2019-жылдын аягында — 1,2%), тышкы инвестициялык салымдар — 7,5 %ды (2019-жылдын аягында — 7,7%) түздү.

Каржылык ортомчулуктун жалпы деңгээли (активдер/ИДӨ) 47,9 % (2019-жылдын аягында — 42,2%) деп эсептелди.