Марал Радиосу

Салык кызматынын төрагасына сөгүш жарыяланды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Абдалиев Кабыл Кушбаковичке сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков кол койду.

Сөгүш жүктөлгөн милдеттерди талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн жарыяланды.