Марал Радиосу

Элчи Ибрагим Жунусов мыкты дилбаян жазгандарга сыйлык тапшырды

Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинде мамлекеттик, саясий ишмер Исхак Раззаковдун өмүрүнө жана ишмердүүлүгүнө арналган дилбаяндар сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Сынак Исхак Раззаковдун туулган күнүнүн 110 жылдыгын майрамдоо алкагында уюштурулган. Дилбаяндар 17-октябрдан 17-ноябрга чейин кабыл алынган.

Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов иш-чарада сөз сүйлөп, Исхак Раззаковдун Кыргызстандын калыптанышына жана өнүгүшүнө кошкон зор салымын, Өзбекстанда согушка чейинки жана согуш жылдарындагы жигердүү эмгегин белгиледи.

Мыкты эмгектердин авторлоруна диплом жана сыйлыктар тапшырылды.

Ибрагим Жунусов 2018-жылдын ноябрь айында Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигине дайындалган.

Ал 2014-жылдан 2018-жылга чейин Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болуп иштеген.

Ибрагим Жунусов быйыл 4-октябрда өтүп, жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкер болгон.