Биз менен байланышыңыз

Тихановская: Утурумдук өкмөттү жетектеп турууга даярмын

Дүйнө | 4 Дек 2020 | 796 | 0

Беларусиядагы оппозициялык лидер Светлана Тихановскаянын командасы өлкөнүн өнүктүрүү боюнча 6 сценарий даярдыгын жазды. Тихановскаянын кеңешчиси Александр Добровольский Беларусияда кайрадан шайлоо өткөрүү гана стабилдүүлүк алып келет деп эсептейт. Алар сунуштаган 6 сценарий:

1) Эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзүү;

2) Беларусияда жаңы шайлоо өткөрүү;

3) Өлкөдө режимди күчөтүү, аскердик же өзгөчө абал жарыялоо;

4) Конституциялык реформа жасоо;

5) Орусиянын кийлигишүүсүнө уруксат берүү;

6) Лукашенкону бийликтен четтетүү;

Добровольский шайлоону 2021-жылдын жаз айына белгилөө нааразычылыкты басып, өлкөдөгү кырдаалды жумшартмак деп эсептейт. Бирок Лукашенконун мындай кадамга барары күмөн экенин кошумчалайт саясатчы.

Ал арада Светлана Тихановская Ютубда жасаган кайрылуусунда өткөөл мезгилде өлкөнү башкарууга даяр экендигин айтты.

— Учурдагы кыйын, өткөөл мезгилде өлкөнү жетектеп турууга даяр экенимди расмий түрдө жарыялайм. Жоопкерчиликти өзүмө алам, себеби жалгыз эмес экенимди билем. Менин максатым: мыкты эксперттер менен демократиялык күчтөрдү бириктирип, Беларусияда ызы-чуусуз жаңы шайлоону өткөрүү. Бул үчүн Координациялык кеңеш жана ар тармактагы өкүлдөр кабинети түзүлдү – алардын ар бири беларустардын кызыкчылыгы үчүн иш алып барат. Биз жаңыдан шайлоо өткөрүүнүн концепциясын; Лукашенко кеткен соң өткөрүлө турган конституциялык реформанын жобосун иштеп чыкканбыз. Учурдагы режимге кысым көрсөтүп, кыйын мезгилди жеңилдетүү менен бийликти элге жеткирүү аракетин уланта беребиз.

Ал эми Лукашенко өлкөдө болуп жаткан көтөрүлүштөр негизсиз деп эсептейт.

-Өлкөнүн өнүгүүсү үчүн делген түстүү революция эч кандай өнүгүүгө багытталган эмес. Беларусиядагы революцияны антип атоого болбойт. Ал — кадимки эле башаламандык. Революция дегендин башында бирөөлөр туруп, көтөрүлүшкө чыгуу үчүн негиздүү себеби болушу керек. А бизде андай жок. Өзүн революционер деп атагандардын баары мүмкүн болушунча бирөөнүн эсебинен жакшы жашоону көксөйт. Качан аларга өз тилинде мамиле кылсаң, дароо саясий туткунга айланып чыга келишет. Ошондуктан алар эч качан жакшы максатты көздөбөйт.

Учурда Светлана Тихановская Литвада. Ал Беларусияда 9-августта өткөн президенттик шайлоодон бир нече күндөн кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Беларусиянын тергөө кызматы бийликти басып алууга аракет кылды деген жүйө менен ага иш козгоп, териштирүү иштери үчүн чакыртылган.

Беларусияда 4 ай мурун өткөн президенттик шайлоодон кийин башталган нааразылык дагы эле уланып келет.

Ар жуманын демалыш күндөрү беларус жарандары 26 жылдан бери өлкө башында турган Александр Лукашенконун отставкага кетүүсүн жана августтагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, өлкөдө кайрадан президенттик шайлоону өткөрүүнү талап кылып жатат.

Жакында эле Лукашенко пикирин жумшартып, жаңы Башмыйзам кабыл алынгандан кийин кызматын тапшырарын айткан.

Беларус президенти Александр Лукашенко өлкөнү 1994-жылдан бери башкарып келет. Ал президенттик шайлоодо 6-ирет жеңип чыкты.

Эксперт: Лукашенко бийликтен оңою менен кетпейт

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM