Биз менен байланышыңыз

Парламент төрагасы жана айрым депутаттар Москвага барышат

Кыска кабар | 4 Дек 2020 | 683 | 0

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 6-8-декабрь күндөрү Москвага иш сапары менен барат. 

Парламенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, Талант Мамытов Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Анда соода-экономикалык, гуманитардык кызматташтык багытында сүйлөшүүлөр болуп, парламенттер аралык кызматташтыктын алкагында Кыргызстан менен Орусиянын алакасын арттыруу маселелери талкууланат.

Ошондой эле Талант Мамытов Евразия Экономикалык Комиссиянын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович жана Аткаруучу комитеттин төрагасы — КМШнын Аткаруучу катчысы Сергей Лебедев менен жолугушуулары пландалган.

Төрага баштаган делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Бактыбек Турусбеков, Алтынбек Сулайманов, Айсулуу Мамашова, Салайдин Айдаров, Гүлшат Асылбаева жана Өмүрбек Бакиров бар.

Copyright © 2017 Maral FM