Биз менен байланышыңыз

Өкмөт кыргыз-өзбек чек арасындагы курулуш боюнча түшүндүрмө берди

Кыска кабар | 4 Дек 2020 | 607 | 0

Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Дейрес айылынын жанындагы инженердик-техникалык курулуш боюнча өкмөт түшүндүрмө берди.

Аткаруу бийлигинин маалыматтык камсыздоо бөлүмү тараткан билдирүүдө аталган тилке 2017-жылдын 5-сентябрында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы макулдашууларга ылайык, делимитация процедурасынан өткөн.

Буга байланыштуу ал жердеги инженердик иштердин жүргүзүлүшү аймактын бүтүндүгүн бузууга жатпайт.

Макулдашууга ылайык, өзбек тараптын пландаштырылып жаткан инженердик иштери Өзбекстандын аймагында 10 метрден 30 метрге чейин жүргүзүлөт.

Тийиштүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү үстүбүздөгү жылдын 2-декабрында Дейрес айылынын тургундары менен жолугушуу өткөрүп, кырдаал боюнча түшүндүрмө берилген.

Учурда айылдагы абал туруктуу.

3-декабрда Дейрес айылынын тургундары эки тараптуу такталган чек ара тилкесинде талаштуу жерлердин көбү Өзбекстан тарапка өтүп кеткен деп нааразы болушканын Turmush басылмасы жазган.

Өзбекстан 2017-жылдагы макулдашууга ылайык, курулуш ишин баштаганы маалым болгон. Бирок эл нааразы болуп топтолгондон кийин  курулуш токтотулган.

Copyright © 2017 Maral FM