Биз менен байланышыңыз

«Ак-Жол» көзөмөл-өткөрмө бекетинин курулуш иштери 70 %га аткарылды

Кыска кабар | 4 Дек 2020 | 343 | 0

Вице-премьер-министр Равшанбек Сабиров кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы «Ак-Жол — Автожол» көзөмөл-өткөрмө жайындагы курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрмө жайын реконструкциялоо иши 68% бүтүп калды.

Равшанбек Сабиров «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрмө жайын реконструкциялоо менен жарандарга ыңгайлуу шарт түзүлөрүн айтты. Ошондой эле мамлекеттин аброю көзөмөл-өткөрмө жайларынын сырткы көрүнүшүнөн көз каранды экенин, ошол себептен жаңылоо иштерин сапаттуу жүргүзүү керектигин белгиледи.

«Кыргызстанга келип жаткан туристтердин жана ишкерлердин биздин өлкө тууралуу таасирлери чек арадан өтүүдө калыптанат. Ошондуктан курулуш иштери эл аралык стандарттарга жооп бериши шарт», — деди Равшанбек Сабиров.

«Ак-Жол» көзөмөл-өткөрмө бекетин жаңылоо иши республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM