Биз менен байланышыңыз

Байден Трампты инаугурациясына чакырды

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Дек 2020 | 747 | 0

АКШнын жаңы шайланган президенти Жо Байден учурдагы өлкө башчысы Дональд Трампты инаугурациясына чакырды. Бул тууралуу ал «CNN» телеканалына маек берип жатып айтты.

Байден Трамп «бийликти тынч жол менен өткөрүп берүү салтын улай» инаугурацияга келет деген үмүттө.

Мамлекеттик кызматка расмий түрдө киришүү 2021-жылдын 20-январында өтөт.

АКШда президенттик шайлоо 3-ноябрда өткөн. Маалыматка ылайык, Байден Трампка караганда көбүрөөк добушка ээ болуп, жеңишке жетишкен. Байден учурдан баштап өзүн АКШнын жаңы президенти катары эсептейт. Ал эми Трамп шайлоодон жеңилгенин моюндаган жок, добуштарды саноодо «мыйзам бузуулар болгон» деп эсептейт.

Дональд Трамп 2024-жылдагы президенттик шайлоодо талапкерликке коюуну пландаштырган. Трамп бул учурда 78 жашта болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM