Марал Радиосу

Азамат Сагындык уулу вице-мэрлик кызматка дайындалды

Бишкек мэриясынын курулуш жана архитектура маселелери боюнча вице-мэрлик кызматына Азамат Сагындык уулу дайындалды.

Тиешелүү буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду. Ал буга чейин жер ресурстары башкармалыгынын башчысы болуп келген.

Курулуш маселелерине жооп берген буга чейинки вице-мэр Уланбек Азыгалиев кызматынан бошотулду.