Биз менен байланышыңыз

БУУ «COVID-19» саммитин өткөрүп жатат

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Дек 2020 | 695 | 0

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясы 3-4-декабрда «COVID-19» саммитин өткөрүп жатат.

БУУнун 75-Башкы ассамблеясынын жетекчиси Волкан Бозкырдын төрагалыгы астында өтө турган саммитте коронавирус пандемиясы, пандемияга каршы күрөш, эмдөө жана социалдык-экономикалык калыбына келтирүү маселелери талкууланууда. Ага дүйнө лидерлери онлайн режимде катышып жатат.

Саммиттин экинчи күнүндө Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун (ДСУ) директору Тедрос Аданом Гебреисус баяндама жасайт.

Саммитте жеке сектордун өкүлдөрү, жарандык-коомдук уюмдар, COVID-19га каршы вакциналарды иштеп чыгуучу илимпоздор жана фармацевтикалык компаниялар катышары айтылган. Андан сырткары саммитте 50дөн ашуун мамлекет башчылары, 39 өкмөт башчылары жана 40ка жакын министрлердин сөз сүйлөшү күтүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM