Марал Радиосу

«Манас-Ордо» комплексинде бир күн бою «Манас» айтылат

Бүгүн, 4-декабрь — «Манас» күнүнө карата Талас облусундагы «Манас Ордо» комплексинде бир сутка бою «Манас» айтылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, «Манас» айтуу 4-декабрь күнү саат 11:00дө башталып, 5-декабрь күнү саат 11:00дө токтотулат. Ага өлкөнүн бардык аймагынан келген манасчылар катышат.

Майрамдык салтанат демөөрчүлөрдүн жана меценаттардын колдоосу менен өткөрүлөрү айтылды. Ачылыш аземи атайын театралдаштырылган программа менен коштолуп, КТРКнын «Маданият. Тарых. Тил» каналы аркылуу түз эфирде көрсөтүлөт.