Марал Радиосу

«Тазалыкчылардын» маянасын көтөрүү пландалууда

«Тазалык» ишканасынын жетекчиси Рыспек Сарпашев «Маралга» берген маегинде кызматкерлердин маянасын көтөрүү пландалып жатканын билдирди.

Анын айтымында, «Тазалыкта» 1500 кызматкер иштейт. Анын ичинен 700ү көчө шыпырат, 200ү жүк ташыйт, 200дөн ашууну — айдоочу. Кызматкерлердин орточо айлыгы 12500 сом.

«Тазалык» ишканасына 2020-жылы 500 млн сом каралып, анын дээрлик 80%ы кызматкерлердин айлык акысына сарпталды.