Марал Радиосу

БШК: Президенттикке талапкер 21 адам кол тамга тапшырды

Президенттикке талапкердин кол тамга тапшыруу мөөнөтү аяктады. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, 3-декабрь түнкү саат 23:59га карата 21 талапкерден 30 миңден ашык кол тамга түштү.

БШКнын жумушчу тобу берилген кол тамгалардын аныктыгын 8 календарлык күндө текшерет.

Президенттик шайлоону өткөрүү боюнча календардык планга ылайык, 6-декабрга чейин талапкерлер өмүр баянын камтыган анкета тапшырат.

14-декабрда БШК катышууга укук алган талапкерлердин акыркы тизмесин жарыялайт;

15-декабрдан 8-январь, саат: 00:00гө чейин талапкерлердин үгүт иштери жүргүзүлөт;

10-январда — президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнү.

Талапкерлер: 

Ал эми талапкер Саматбек Ибраев чогулткан кол тамга  15 033 болуп калган, ал  шайлоодон четтетилди.