Марал Радиосу

Эльдар Абакиров БШКга 43 миңден ашык кол тамга тапшырды

Президенттикке талапкер Эльдар Абакиров БШКга 43 630 адамдын кол тамгасын тапшырды. Бул тууралуу БШКнын расмий сайты кабарлады.

Мыйзамга ылайык, талапкер шайлоочулардын кеминде 30 миң кол тамгасы менен колдоого алынууга тийиш.

Президентти шайлоону өткөрүү боюнча календардык планга ылайык, талапкерлерди колдогон кол коюу барактарын тапшыруу 3-декабрда саат 23:59да аяктайт.

БШКнын жумушчу тобу каттоо кызматынын адистери жана сот-экспертиза чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эксперттери менен биргеликте берилген кол тамгалардын аныктыгын 8 календардык күндө текшерет.

Акыркы маалыматтарга караганда, президенттик шайлоого катышууга ниетин билдирген 41 киши калды. 3-декабрга карата 20 талапкер миллион сомдук күрөө төктү.