Марал Радиосу

Кыйналган майыптар, ишке ашпаган конвенция

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы 2006-жылы «Майыптардын укуктары жөнүндө» конвенция кабыл алган. Документтин башкы максаты: майыптарды коргоого алуу жана ден соолугу чың адамдар менен тең укуктуулугун камсыздоо.

Кыргызстан ага 2011-жылы кирген. Бирок керектүү каражаттардын жоктугуна байланыштуу документти ратификациялоо дээрлик 8 жылга созулган. 2019-жылдын 14-мартында ал кездеги президент Сооронбай Жээнбеков «Конвенцияны ратификациялоо жөнүндө» мыйзамга кол койгон. Аталган күндөн тарта Кыргызстан БУУнун конвенциясында жазылган майыптардын укуктарын коргоо, алардын жашоо шартын жакшыртуу, мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча талаптарды аткарууга милдеттендирилген. Тактап айтканда, мамлекет майыптардын коомдук жайларда эркин жүрүүсүнө, билим берүү мекемелерине баруусуна, социалдык жана маданий иш-чараларга катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуусуна, ошондой эле башка жарандар менен бирдей укукта, кемсинбей, корунбай толук кандуу жашоосуна бардык шарттарды түзүп бериши керек.

24 жаштагы Уланбек Абакиров — биринчи топтогу майып. Ал ар бир имараттын тышында атайын азиздер колу менен окуй ала турган брайл жазуулары болсо деп самайт. Көзү азиз каарманыбыз Кыргызстанда майыптар үчүн бардык шарттар түзүлүп берилишин кыялданат.

«Коомдук транспортту алып карай турган болсок, ар бир аялдаманы эскертип турган кулактандыруучу аппараттар болушу керек. Анан да белги берген добуштуу светофорлор болсо». 

«Жаңы муун» коомдук фондунун төрагасы Аскар Токтогулов конвенция кабыл алынганы менен алгылыктуу иштер жасалбай жатканын айтат. Ал бүгүнкү күндө майыптардын көйгөйү абдан көп экенин белгилеп, жөнөкөй пандустардан баштап, жөлөк пулдардын берилиши сыяктуу бир катар чечилбей келген маселелерди тизмектеди.

«Бул айсберг сыяктуу, үстү гана көрүнүп турат, бирок чындыгында, анын астында бир канча көйгөй бар. Мисалы, Совет доорунда салынган имараттарга пандус жасоо ыңгайлуу эмес дешет, жаңы салынган имараттардын пандустарынын сапаты начар. Буларга тийиштүү органдар байкоо жүргүзбөйт. Кулагы укпаган, көзү көрбөгөн майыптардын да бир канча көйгөйү бар». 

Ал эми Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги конвенциядагы талаптарды аткаруу үчүн 3 жылдык план иштеп чыккан. Министрликтин мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана кары-картаңдар башкармалыгынын башкы адиси Чолпон Мамбетайипованын айтымында,  учурда ар бир мекемеге бөлүнүп берилген каражатка ылайык иш жүрүп жатат. 9-декабрда бул маселе Өкмөттүн отурумунда да каралат.

«Жакын арада 9-декабрда атайын отурумду өткөзгөнү турабыз. Ага кырктан ашык өкүлдөрдүн катышуусу күтүлүүдө. Бул жасалып жаткан мамлекеттик программабыз 2040-жылга чейин пландалууда». 

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда 2011-жылы 142, 2015-жылы 158, ал эми 2018-жылы 181 майып бар экени катталган.

Даярдаган: Тумара Карыпбекова

Exit mobile version