Биз менен байланышыңыз

Кышында кайсы жашылча-жемиштерди көбүрөөк жеш керек?

Блог | 4 Дек 2020 | 4330 | 1

Кыш организм үчүн сыноо мезгили болуп саналат. Бул аралыкта организм туура витаминдерди алуусу үчүн жашылча-жемиштердин өлчөмүн көбөйтүү зарыл.

Төмөндө испаниялык тамак-аш фондунун эксперттери декабрь айы үчүн сунуштаган пайдалуу жана витаминдүү азыктар менен тааныштырабыз. Айрыкча, вирустук оорулар күч алып турганда жашылча-жемиштерди (тоңдурулгандарын деле) көп жеген жакшы. Алар витамин жана антиоксидант болгондуктан, иммунитетти бекемдөөгө жардам берет.

Көптөгөн азыктарды күнөсканалардын жардамы менен жылдын кайсы мезгилинде болсо да табууга мүмүн. Бирок тамак-аш боюнча адистер даамын сезип, пайдасын көбүрөөк алуу үчүн сезондук жашылча-жемиштерди убагында жегенди сунуштайт.

Жылдын соңку айында капустанын түрлөрү, сабиз, шпинат сыяктуу азыктарды тамакка көбүрөөк колдонуп, курма, киви же авокадо сыяктуу мезгилдүү жашылча-жемиштерди кошумча азык катары колдонсок, учурда бышып жетилген мандарин, грейпфрут, лимон, апельсиндин жардамы менен аларга цитрус даамын берсек болот.

Алдыда булардын айрымдарынын пайдасы тууралуу сөз кылсак:

Авокадо — ден соолукту чыңдоо, дене жана мээ үчүн укмуштай пайдалуу жемиш. Саргылты ден соолукка пайдалуу, клиникалык жактан далилденген бир катар артыкчылыктары бар.

Авокадо антиоксиданттарга толгон. Бул антиоксиданттар денедеги эркин радикалдар менен күрөшүүгө жана ден соолуктун чың болушуна жардам берет. Авокадолордогу антиоксиданттар көздүн түзүлүшү менен тыгыз байланышта болгондуктан, көрүүнү жакшыртуучу касиетке ээ.

Андан сырткары «А» витаминине, кальций, калий жана магнийге бай.

Кышында эң пайдалуу азык катары цитрус жемиштери сунушталат. Грейпфрут, апельсин, лимон, мандарин сыяктуу цитрус жемиштери инфекциядан сактайт, иммунитетти көтөрөт жана зат алмашууну жакшыртат. Ошондуктан аларды күзүндө жана кышында колдонуу абдан маанилүү. Ошондой эле теринин клеткаларын сууктан коргойт. Лимон кошулган чай суук тийүүнүн алдын алса, мандарин жөтөлдү, бронхитти айыктырат.

 

Грейпфрут — көздүн көрүүсүн жакшыртуу, чечекейдин картайбашы үчүн. Бул жемиш организмге пайдалуу заттарга бай: С, А витаминдери, кальций, темир, марганец, калий, фосфор, фолий кычкылы жана В витаминдер тобу. Бирок көпчүлүгүбүз грейпфруттагы биофлавоноид заты тууралуу биле бербейбиз. Ал көздүн чечекейинин картаюусунун, сары тактын пайда болушунун алдын алат. Биофлавоноид мөмөнүн ичиндеги кесимдерди бөлүп турган ак чел кабыкта болот. Андыктан грейпфрутту ширесин сыгып ичпей, ак чел кабыгы менен жегениңиз оң болот. Офтальмологдор күнүнө же эки күндө бир грейпфрут жеп турууну сунушташат.


Курамындагы көп өлчөмдөгү С витамининин эсебинен киви — сасык тумоонун алдын алуучу жана иммунитетти жогорулатуучу эң натыйжалуу каражат болуп эсептелинет.
Киви тамак сиңирүүнү жакшыртат жана организмдеги зат алмашуу процессине оң таасир этет. Тоё жеген түшкү же кечки тамактан кийинки киви ашказандагы оордуктан, зарнадан сактайт.
Адистер күнүмдүк рациондогу киви стресстен арылтып, депрессияга жеткирбейт дешет. Киви спортсмендерге энергиясын калыбына келтирүүчү табигый каражат катары сунушталат.
Бул жемиш организмден ашыкча туздарды айдап чыгып, бөйрөктө таштардын пайда болуусунун алдын алат.
Толуп кетүүгө жакын адамдар үчүн киви эң жакшы диеталык азык. Ал биринчиден, майларды күйгүзөт, экинчиден, келишимдүү келбетти сактоочу көптөгөн клетчаткаларды өзүнө камтыйт.
С витаминин көптөгөн өлчөмү камтылгандыктан, киви сасык тумоонун алдын алуучу эң жакшы каражат болуп эсептелинет.
Кемчиликтери:
— Киви ашказан ширесинде кычкылдуулук жогору адамдарга сунушталбайт.
— Ошондой эле аллергиядан жабыр тарткандар да кивини көп колдонууга болбойт.

Курманы кышында колдонуунун эң биринчи себеби: жылдын башка мезгилдеринде бул жемишти табуу кыйын. Ооругандан кийин организмди бат калыбына келтирет. Авитаминоз, ичеги-карын оорулары менен ооругандарга, иммунитети төмөндөргө өзгөчө пайдалуу. Ошондой эле дем алуу жолдорундагы оорулар менен натыйжалуу күрөшөт. Курманын курамында калий көп болгондуктан, жүрөк ооруларына да жакшы даба. Ал эми магний бөйрөктө таштын пайда болуусунун алдын алат. Ден соолугуңуз чың болсо да, кышкысын күнүнө бир курма жеп турсаңыз, кыштан оору-сыркоосуз чыгасыз.

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму күнүнө аз дегенде 400 граммдай мөмө-жемиш жеш керек деген кеңеш берет. Бирок дарыгерлер бул кеңешти аткарган адам сейрек экенин белгилеп келишет.

Эгер сиз өз ден соолугуңузга кайдыгер болбосоңуз, витаминдүү жемиштерди күн сайын жеп, саламатта жүрүңүз.

1 пикир

1 пикир

  1. Урия

    06.12.2020 09:22

    Сонун кенештер учун мин ыраазычылык билдирем!

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM