3-декабрда Адилет Маматов президенттик шайлоого катышуу үчүн берилген документтерин кайтарып алды.
Мындан тышкары, Жамбылбек Камчиев да жарышка катышуудан баш тартып, документтерин алды.
Бүгүн президенттикке талапкерлердин дагы үчөө шайлоого катышуудан баш тарткан. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, алар Акжолтой Тукунов, Базарбай Темишов, Арсланбек Малиев.
Учурда президенттик шайлоого катыша турганын билдирген 41 адам калды.
Талапкерлер Садыр Жапаров, Бабыржан Тольбаев, Аймен Касенов, Равшан Жээнбеков кол топтоо баракчасын тапшырышты. Ал эми 14 талапкер 1 млн сомдук шайлоо күрөөсүн төктү.
Президенттик шайлоону өткөрүү боюнча календардык планга ылайык, талапкерлерди колдогон кол коюу барактарын тапшыруу 3-декабрда саат 23:59да аяктайт.
Президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт.