Учурунда «Атама» деген ыры менен элдин алкоосуна татыган, мыкты обондордун автору, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, обончу Өсөр Козуев «Марал» радиосунун «Мен жана мезгил» программасында өнөр жолундагы кызыктуу мезгилин эскерди
Ырчылык, обончулук чоң кыялым эле
Ата-энем студент болгондуктан, тун баласы мени чоң ата-чоң энем багыптыр. Чоң атам комузду абдан жакшы чертчү экен. Анан балдары токтобогонунан, кийин ырымдап комуз чертүүсүн таштап коюптур. Адам баласы төрөлгөндө эле өзүнө ыйгарылган бир талант болот экен. Кичинемден ырчы болууну кыялданчу элем. Ошол максатка жетүү үчүн 1989-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун музыка факультетин аяктадым.
Жан дүйнөң менен кабыл алган талантты таштап коюу татаал
Чыгармачылык — абдан татаал жол. Сыртынан ушунчалык кылдат, карап турсаң жаркылдак келет. Ичине баш баксаң, чытырман токой болот. Анын түйшүгүн метр менен ченей албайсың, салмагын таразага салып өлчөй албайсың. Ушундай талантты жан дүйнөң менен кабыл алган соң, таштап коюу татаал. Сага ошол нерсе Жараткандан берилип жаткан соң, акаарат келтирбөө керек да. Кээ бир чыгармачыл чөйрөдө жүргөн инсандар Орусияга барып, акча топтоп келгенден кийин «дүңгүрөйм» деп ойлошот. Алар байлык, акчага берилип, сүңгүп кирип кетишет. Канчасын көрүп, билип жүрөм.
100дөн ашык обонум бар
Алай районунда обончулар аз болчу. «Киндик тамган жерден кайсыл обончулар чыгат болду экен?» — деп кичинемде радиону көп угар элем. Мен билгенден ошол кезде Разак Сатыбалдиев, Аттокур Бузунов деген обончулар бар эле. Менин да мыкты обончу болсом деген чоң кыялым бар болчу. Ырдын тексттерин көргөндө эле: «Ушул ыр саптарына кандай обон жаратсам экен?» — деп, эргүү пайда болот. Азыр обондорум 100дөн ашты. Бирок, чыгармачылык менен турмушту бирге алып кетүү оңой эмес экен. Каржы маселеси жана колдоо керек. Башаты жакшы башталып, кийинчерээк бир аз болсо да кыйынчылык тарттым. Мезгилдин өтүшү менен тажрыйбаң артып, акыл калчап калат экенсиң. Мага: «Эмне үчүн обондоруңду эл алдына чыгарбайсың? Сен жалкоосуң», — деп көп айтышат. Кыргызда «бул тааныш, тигил тааныш» деген сөздөр айтылат эмеспи. Андайларга таптакыр көңүлүм тарткан жок. Ошондуктан көп обонум көмүскөдө калды.
«Ак Шоокум жана Өсөр Козуев» деген аталышта концерт коюу планда бар
Жашымда концерттерден калбай, аккордеонду үйрөнүп, ырчылыкка аябай кызыккам. Кийинчерээк үйлөнүп, балдарым төрөлгөндө, чыгармачылык кийинкиге жылып, башкы маселеге үй алуу, балдарга келечек түзүп берүү чыкты. 50 жаштын кырын ашкандан кийин ырдап чыккандан деле тартынып калдым. 6 жылдан бери мектепте сабак берем. Балдар менен иштешүү абдан кыйын экен, бир жылдан кийин гана көндүм. Аларга арнап, 25-30дай обон жараттым.»Ак шоокум жана Өсөр Козуев» деген аталышта концерт коюу планда бар эле, азырынча токтоп турат.
Учурунда бут тосуулар көп эле болгон
Мен көп таланттуу инсандардан таалим-тарбия алдым. Аларды теледен, сахнадан көргөндө абдан таасирленчүмүн. Каримберди жана Жаамай деген аккордеончу, музыкант агайларым чыгармачылыгымдын түптөлүшүнө чоң салым кошкон. Кийин телевидениеде жумушка кабыл алынып, башында аябай сүйүндүм эле: «Чыгармачылыгымды ушул жерден өстүрөм», — деп. Тескерисинче, ал жерде көп жактан кысым болду. «Телевидениеде иште же кет!» — деген талап да коюшту. Эми мындай бут тосуулар боло берет экен.
Көөдөнүмдө чоң өкүнүч бар
Чоң энем: «Ысык-Көлгө бир алып барып келсең? Анан телефон алып берчи?» — деп суранар эле. Жаштыкка салып, бир аз урушуп, айткандарын учурунда аткарбай койгом. Азыр өкүнөм, баарына айтар элем, жакындарды көзү тирүүсүндө сыйлап, барктайлы.
«Элдик чыгармалар жок болуп кетеби?» деп корком
Биздин маданиятты башка өлкөлөрдүн маданиятына салыштырып караганда, «өлбө жаным өлбө» деп келебиз. Бирок, эл бар экен, болбой эле сүйрөп келатат. Чет өлкөдө улуу муун, кичүү муун бирдей эле келатат. Бизде болсо, бөлүнүп калды. Улуу муундун ырлары көп жерден берилбейт. «Бара-бара элдик чыгармалар, обондор жоюлуп, жок болуп кетеби?» — деп коркосуң. Маданият тармагын өнүктүрүү үчүн акча керектелет. Анан ар бир инсан жан дүйнөсүн тазаласа деген ойду айткым келет.