Марал Радиосу

БШК: Бүгүн үч талапкер шайлоого катышуудан баш тартты

Бүгүн, 3-декабрда президенттикке талапкерлердин дагы бири шайлоого катышуудан баш тартты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, Арсланбек Малиев шайлоого катышуу үчүн берилген документтерин кайтарып алды.

БШКнын маалыматы боюнча бүгүн жалпы үч талапкер шайлоого катышуудан баш тартты. Алар Акжолтой Тукунов, Базарбай Темишов, Арсланбек Малиев.

3-декабрга карата шайлоого катышуу ниетин билдирген 44 талапкер калды.

Президенттик шайлоону өткөрүү боюнча Календардык планга ылайык, талапкерлерди колдогон кол коюу барактарын тапшыруу 3-декабрда саат 23:59да аяктайт.