Марал Радиосу

Жалал-Абадга «Мекенчилдин» өкүлү мэр болду

Жалал-Абад шаарынын мэри болуп Эрнисбек Ормоков шайланды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Бүгүн шаардык кеңештин сессиясына 31 депутаттын 28и катышты. Баары бир добуштан Эрнисбек Ормоковдун талапкерлигин колдоду.

39 жаштагы Эрнисбек Ормоков буга чейин шаардык кеңештин үч чакырылышынын депутаты, бир жолку төрагасы болгон.

Эрнисбек Ормоков быйыл 4-октябрдагы парламенттик шайлоого «Мекенчил» партиясынан талапкер катары катышкан.

Жалал-Абад шаарын буга чейин Мураталы Тагаев жетектеди. Ал 6-октябрда кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган. Андан кийин мэрдин милдетин вице-мэр Нуртилек Орозов убактылуу аткарган.

Мураталы Тагаев аталган кызматка 2018-жылдын июнь айында шайланган болчу.