Биз менен байланышыңыз

Шайлоо-2021: Бүгүн кол топтоо жана күрөө төгүүнүн акыркы күнү

Кыска кабар | 3 Дек 2020 | 1021 | 0

Президенттик кызматка талапкер болууну каалагандар 3-декабрь, түнкү саат 23:59га чейин 30 миңден кем эмес шайлоочунун кол тамгасын чогултуп, тапшырууга тийиш. Ошондой эле миллион сомдук күрөө төгүүсү керек.

3-декабрга карата бир дагы талапкер 30 миң адамдын колу коюлган документти тапшыра элек. Бул тууралуу Боршайкомдун төрага орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Анын айтымында, учурда 45 талапкер калган, анын бешөө гана 1 млн сомдук күрөө төккөнү тууралуу документ тапшырды.

Борбордук шайлоо комиссиясы бекиткен календардык планга ылайык, мындан аркы аракеттер төмөнкү тартипте жүргүзүлөт:

  • 6-декабрга чейин талапкерлер өмүр баянын камтыган анкета тапшырат;
  • 14-декабрда БШК катышууга укук алган талапкерлердин акыркы тизмесин жарыялайт;
  • 15-декабрдан 8-январь, саат: 00:00гө чейин талапкерлердин үгүт иштери жүргүзүлөт;
  • 10-январда — президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнү;
  • 12-январга чейин БШК добуш берүүнүн жыйынтыгын жана катышкан шайлоочулардын тизмесин жарыялайт;
  • 24-январга чейин шайлоо өткөнү же өтпөгөнү расмий жарыяланат.

Башында президенттик кызматка талапкер катары шайлоого катышуу ниетин билдирип, 65 жаран арыз жазган. Шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM