Биз менен байланышыңыз

ОшМУга Каныбек Исаковдун атын ыйгаруу сунушталды

Кыска кабар | 3 Дек 2020 | 2080 | 1

Ош мамлекеттик университетине мурдагы Билим берүү жана илим министри, маркум Каныбек Исаковдун атын ыйгаруу сунушталды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 3-декабрдагы жыйынында депутат Жанарбек Акаев айтты.

Анын пикиринде, Каныбек Исаков өлкөнүн билим берүү тармагына, ОшМУнун аброюн эл аралык деңгээлге көтөрүүгө зор салым кошкон.

«Агай он миңдеген шакирттерди тарбиялап, мыкты кадрларды чыгарды. ОшМУ Орто Азия өлкөлөрүндө бийик кадыр-баркка ээ болуп, чет өлкөдөн миңдеген студенттер келип окуусуна шарт түздү», — деди Акаев.

XXI кылымдын агартуучусу, реформатор, палбан эле… (АГАЙды замандаштары эскерет)

Мурдагы Билим берүү жана илим министри, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги, филология илимдеринин доктору, профессор Каныбек Исаков 12-ноябрда 51 жашында дүйнөдөн кайткан.

Ал 1969-жылы 4-июнда Ош облусунун Ноокат районундагы Кызыл-Тейит айылында туулган.

Каныбек Исаков 2011-жылдан 2019-жылдын 11-сентябрына чейин Ош мамлекеттик университетинин ректору, 2019-жылдын 11-сентябрынан 2020-жылдын 14-октябрына чейин Билим берүү жана илим министри кызматтарын аркалаган.

1 пикир

1 пикир

  1. Медер

    06.12.2020 21:55

    Каныбек Абдуваситович билим берууго коп салым кошту. Ал эле эмес мурдагы президенттердин тил билуу денгээлин текшерип экзамен алган.

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM