Биз менен байланышыңыз

Мамытов: Мамлекет ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоону улантат

Кыска кабар | 3 Дек 2020 | 355 | 0

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 3-декабрда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жасады.

Анда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын муктаждыктарына жана көйгөйлөрүнө коомчулуктун көӊүлүн буруу, жашоосун жакшыртуу шарттарды түзүү боюнча жаңы максаттар жана милдеттер турары айтылат.

Бүгүнкү күндө өлкөдө 193,7 миӊ ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам жашайт, анын 32 миӊи балдар.

«Мамлекет ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды колдоонун пассивдүү чараларынан ар кандай социалдык төлөмдөр түрүндөгү активдүү чараларга өтүүгө тийиш. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын керектөөлөрүн канааттандыруу — мамлекеттин эң башкы милдеттеринин бири«, -деп айтылат Мамытовдун билдирүүсүндө.

Copyright © 2017 Maral FM