Биз менен байланышыңыз

Сурабалдиева: Дарыгерлер пандемия учурунда текшерилбеген дарыларды таратышкан

Кыска кабар | 2 Дек 2020 | 559 | 0

Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева Республикалык ыкчам штабдын  кезектеги жыйынын өткөрдү. Анда ал гуманитардык жардам тууралуу отчет берүүдө Саламаттык сактоо министрлигинин жана жергиликтүү бийликтин ишин сындады.

«Бизге толук жана так отчёт керек. Муну жарандар, Жогорку Кеңештин депутаттары, жардам берген эл аралык уюмдар жана донорлор күтүүдө. Берилген отчёт толук эмес жана айрым пункттар боюнча түшүнүксүз. Мисалы, Талас, Чүй облустарындагы аймактык медициналык мекемелерге кандай конкреттүү медициналык буюмдар жеткирилген? Ош облусу боюнча кандай чыгымдалуучу материалдар алынды, канча тест-система алынды? Жер-жерлерге өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттын, концентраторлордун, рентген-аппараттардын канчасы жеткирилди? Отчетто 325 рециркулятор алынганы белгиленген, бирок алар кайда экени көрсөтүлгөн эмес. Эмне үчүн медициналык жабдуулар баланска алынган эмес жана тиешелүү тартипте белгиленген эмес?  Жарандардан, донорлордон жана ыктыярчылардан алынган бардык жардамдар кылдаттык менен изилденет», — деди Сурабалдиева.

Ал Бишкек шаарындагы поликлиникалардын дарыгерлери жай мезгилинде вируска каршы кытай таблеткаларын таратканын айтып, эмне себептен тийиштүү текшерүүлөрдөн өткөрбөстөн таратылганын сурады.

«Алардын курамын, сертификатташтырылгандыгын эч ким текшерген эмес. Бирок пандемия учурунда иммунитети алсызданган жарандарга беришкен. Мындай учурлар үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин жоопкер жактары тартиптик жоопкерчиликке тартылышат», — деди Сурабалдиева.

Copyright © 2017 Maral FM