Биз менен байланышыңыз

Депутат Дастан Бекешев Садыр Жапаров менен жолугушту

Кыска кабар | 2 Дек 2020 | 813 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өкмөт башчылык милдетин убактылуу тапшырган, президенттикке талапкер Садыр Жапаров менен жолугушту. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Бүгүн мен Садыр Жапаров менен жолуктум. Жолугушуу конструктивдүү жана позитивдүү мааанайда өттү. Биз аны менен ар кандай саясий темаларды талкууладык, 2012-жылдагы окуяларды эстеп, конституциялык реформа жана башкаруу формасы жөнүндө сүйлөштүк».

Бекешев парламентаризм жөнүндө сөз кылып, парламенттик башкарууда премьер-министрдин жоопкерчилигин күчөтүп, ыйгарым укуктарын кеңейтсе болорун айткан.

Жапаров болсо президенттик башкаруу формасы боюнча аргументтерди келтирген. Анын пикиринде, партиялар жоопкерчиликти толугу менен алууга азырынча даяр эмес.

Жапаров ошол эле учурда жеңилдетилген добуш берүүнү киргизүүгө макул, башкача айтканда, жаран партиянын тизмесиндеги талапкерге добуш бере алат.

«Президенттик башкаруу менен кетсе, дагы бир жолу революция болуп кетиши мүмкүн экенин айттым. Жапаров хандык же диктатордук башкарууну каалабай турганын, балдары тоталитардык өлкөдө жашашына каршы экенин айтууда. Бирок ал парламенттик башкаруу менен ишке ашыруу кыйын болгон реформаларды жүргүзүүгө чоң каалоосу бар экен. Өлкөнү башкаруу формасы боюнча, өз пикирибизде эле калдык».

Депутаттын жазганына караганда, Садыр Жапаров президенттик шайлоону таза өткөрүүгө убада берген. Бекешев да азырынча «керектүү» шайлоочулардын тизмесин милдеттүү түрдө түзүү жана акча бөлүштүрүү жөнүндө уга элек экенин белгилеген.

Конституциялык реформа жөнүндө сөз болуп, Бекешев анын айынан коом экиге бөлүнүп кеткенин белгилеген. Ал эми Садыр Жапаров бардык сунуштар конституциялык кеңешмеге берилерин, ал мамлекетке пайдалуу болсо, Башмыйзамга киргизилерин билдирген.

«Конституциялык кеңешме президенттик шайлоодон кийин да ишин улантат. Бирок Жапаровдун пикиринде, эл башкаруу формасын жана парламентти түзүүнүн жолун аныктап алышы керек. Жапаров экөөбүздүн өлкөнүн өнүгүшү боюнча максатыбыз бир экенин, бирок көз караштарыбыз ар башка экенин көрдүк. Позициялардын айырмачылыгы чыр-чатакка алып келбеши керек. Макулдашууну бардык жерден табууга болот. Жапаров мени менен ачык сүйлөшкөндөй таасир калды».

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM