Марал Радиосу

Окумуштуулар эмне үчүн пандемияны токтото албай жаткандыгын айтышты

Түркиядагы окумуштуулар дүйнө эмне үчүн коронавирус пандемиясын токтото албай жаткандыгын аныкташты. Материал «Infection» медициналык журналына жарыяланган.

SARS-CoV-2 же учурдагы коронавирус адамдын организминде 2 түрдө болот:

Окумуштуулар COVID-19 оорусунун белгиси жок алып жүрүүчүлөр жана белгилери бар бейтаптардагы вирус жүктөмүн баалоо үчүн изилдөө жүргүзүштү. Анда аныкталгандай, эч кандай белгилери жок, вирусту симптомсуз ташыгандар көбүрөөк жуктуруучу касиетке ээ. Ошондой эле симптомдуу түрдө ташыганга караганда, симптомсуз түрдө ташыгандарда вирус көбүрөөк болот.

Окумуштуулардын айтымында, ушундай жагдайга байланыштуу көп мамлекеттердеги вирустун жайылышына бөгөт коюу аракети, катаал карантин деле натыйжа бербей келет.