Биз менен байланышыңыз

«Ынтымак» сейил багынын курулушу боюнча кылмыш иши козголду

Кыска кабар | 2 Дек 2020 | 850 | 0

Бишкектеги «Ынтымак» сейил багынын курулушунда мыйзам бузуу фактысы аныкталганын Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 2019-2020-жылдар аралыгында Бишкек шаарынын мэриясынын айрым кызмат адамдары кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган. Алар тиешелүү долбоордук-сметалык иш кагаздары жок курулуш иштерин жүргүзүшкөн, ошондой эле материалдардын, айрым аткарылган иштердин баалары негизсиз жогорулатылган.

Мындан тышкары талаптарга жооп бербеген сынактын катышуучулары жеңүүчү деп табылып, курулуш иштерине керектеле турган материалды сатып алуу боюнча негизсиз келишимдер түзүлүп, мамлекетке чоң өлчөмдө зыян келтирилгени аныкталды.

Бул фактылар 24-ноябрда Жазык кодексинин 234-беренеси («Ачык тендерлерди өткөрүүнүн тартибин бузуу») жана 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Сотко чейинки териштирүү башталды.

10 гектар аянтты ээлеген «Ынтымак» сейил багынын курулушуна 2019-жылдын апрель айында капсула салынган. Ал Бишкек шаарынын түштүк тарабында жайгашкан. Ачылышында ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков бак отургузган.

Copyright © 2017 Maral FM