Марал Радиосу

Талант Мамытов ЖККУнун жыйынына катышат

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 2-декабрда Жаматтык Коопсуздук Келишим Уюмунун коопсуздук кеңешинин сессиясына катышат. Жыйын онлайн өтөт.

Анда уюмдун ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун арттыруу, ага мүчө мамлекеттердин парламенттер аралык кызматташуусун бекемдөө маселелери талкууланат.

Иш-чарага Беларусь президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Орусиянын лидери Владимир Путин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, ошондой эле ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась катышат.