Кечээ, 1-декабрда футзал боюнча «Кыргызстандын кубогу – 2020» мелдешинин жеңүүчүсү аныкталды.
Мелдештин финалында Бишкектин «Аль-Халал» командасы менен Ысык-Көлдүн «Мурас» командасы беттешип, 3-2 эсебинде «Мурас» жеңишке жетти.
- 1-орун — «Мурас» (Ысык-Көл)
- 2 — орун – «Аль-Халал» (Бишкек)
- 3 – орун – «Бакубат Талас» (Талас) – «EREM» (Ош)
Мыкты дарбазачы – Ермолов Кирилл
Мыкты чабуулчу – Иманалиев Элбек
Мыкты оюнчу – Канетов Эмил
Оюн Бишкектеги «Алай Мурдаш» спорт комплексинде өттү.