Марал Радиосу

Өзбекстанда футболдук беттеш мушташ менен аяктады [видео]

Өзбекстандын «Нефтчи» жана «Турон» командаларынын футболдук беттеши массалык мушташ менен коштолду. Бул тууралуу спорт басылмалары жазып чыгышты.

Беттеште «Турон» 1:0 эсебинде утуп, өлкөнүн жогорку лигасына жолдомо алган. Оюндун соңунда жеңилген «Нефтчи» командасынын бир футболчусу белгисиз себептерден улам калысты көкүрөккө тепкен. Бул чыр заматта ырбап, көрүүчүлөр да оюн талаасына чыгып, массалык мушташка айланган.

Бул окуя боюнча «Нефтчи» командасы да, Өзбекстандын футбол ассоциациясы да азырынча эч кандай билдирүү тарата электиги белгиленет. Мындай видео социалдык тармактарда гана тарап жатат.