Марал Радиосу

«Кызыл зонада иштеген дарыгерлерге күнүнө 3 миң сомдон төлөнүүдө»

Кызыл зонада иштеген ар бир дарыгерге айлык акысынан тышкары күнүнө 3 миң сом төлөнүп берилип жатат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, медиктер кызыл зонада 14-21 күн аралыгында иштешет.

«Саламаттыкты сактоо министрлиги берген маалыматка ылайык, 7 облус боюнча кызыл зонада иштеген дарыгерлерге кенемте төлөнүп берилүүдө. Дарыгерлердин кенемтеси боюнча суроо туулбашы керек», — деди Сурабалдиева.

Ал учурда дарыгерлер окутуудан өтүп жатканын кошумчалады.