Марал Радиосу

«Реал Мадрид» Мбаппе менен Холанды сатып алгысы келет

Испаниянын «Реал Мадрид» клубу «ПСЖнын» чабуулчусу Килиан Мбаппени жана «Боруссиянын» чабуулчусу Эрлинг Холанды командага алууну пландап жатканын билдирет «AS» спорт басылмасы.

Маалымдагандай, «Реал Мадрид» клубу Мбаппени 2021-жылы, ал эми Холанды 2022-жылы трансфер кылып алуу максатын койгон.

Белгилей кетсек Мбаппе «ПСЖга» 2017-жылдын жайында «Монако» клубунан өткөн. Ал эми Эрлинг Холанд 2020-жылы январда Австриянын «РБ Зальцбург» клубунан «Боруссияга» келген.

Буга чейин 20 жаштагы Эрлинг Холланд Европанын мыкты жаш футболчусу аталып, «Golden Boy» сыйлыгын алары белгилүү болгон. Ал эми Мбаппе 2018-жылдын мыкты жаш футболчусу болгон.