Марал Радиосу

COVIDге каршы вакцина качан алынып келинет?

Коронавируска каршы вакциналар толугу менен сыноодон өтүп, ийгиликтүү болмоюнча Кыргызстанга алынып келинбейт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Биздин жарандардын ден соолугу эң биринчи маселе. Америкалык компания өндүргөн «Pfizer» вакцинасын сатып алууга кезекке турган мамлекеттер бар. Коомчулукта «мажбурлап вакцина сайышат экен» деген ар кандай пикирлер бар. Өнөкөт оорулары бар, улгайган жарандар сөзсүз түрдө биринчи орунда каралат. Бизде да калктын 20 %ына акысыз вакцина алып келүүгө мүмкүнчүлүк бар», — деди вице-премьер-министр.