Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров: Үч жылдан кийин пенсия берилбей калышы мүмкүн

Кыска кабар | 1 Дек 2020 | 6101 | 1

Социалдык фонд 3 жылдан кийин пенсия бере албай калышы мүмкүн. Мындай пикирин депутат Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 30-ноябрдагы жыйынында Социалдык фонддун бюджети талкууланып жатканда айтты.

Анын баамында, Социалдык фонд милдеттенмелерин так аткара албай жатат, өлкөдөгү кырдаалга анализ кылынбайт.

«3 жылдан кийин Соцфонд сынып, эч ким пенсия албай калат деп ачык айтпайсыңарбы? Соцфонд өз милдеттемелерин аткара албай кала турган заманга баратабыз. Канча адам пенсияга чыкканын, топтомо бөлүгү кандай, так анализ болушу керек. Пенсия бул жөлөк пул эмес, ким иштеп соцфондго акча которсо гана пенсия алууга татыктуу. Негизи Социалдык фондду пенсиялык фонд деп өзгөртүү зарыл»,- деп белгиледи депутат.


Жапаров: Экономикалык жактан жок болуп кетчү жолго түшүп алдык


Акылбек Жапаров укук коргоо органдарына кошумча пенсиялар чегерилип жатканын сындап, алардын кошумча пенсиясына 3 млрд 700 сомго чейин чегерилерин айтты.

«Генерал, прокурорлор баарына кошумча төлөм берилди. Алардын айлыгы дарыгер менен мугалимдердикинен алда канча жогору, бирок  айлыгынан соцфонддун топтомо бөлүгүнө бир тыйын которбойт, киреше салыгын да төлөбөйт. Укук коргоо органдары 20 эмес, 25 жыл иштесин деп мыйзамдарды өзгөрткүлө», — деди Акылбек Жапаров.

2021-жылы Соцфонд республикалык бюджеттен 24 млрд сом сурап жатат. Бирок Финансы министрлиги 22 млрд бөлүп берүүнү пландоодо.

Депутат Осмон Турдумамбетов Соцфонддун бюджетин өзгөртпөй туруп, 500 млн сомго чукул акча ашыкча коротулуп кеткенин айтты.

Эсеп палатасынын өкүлү да бир нече финансылык тартип бузуулар аныкталганын тастыктады.

Жыйын соңунда бардык сунуштарды эске алуу менен Социалдык фонддун бюджетинин долбоорлору жактырылды.

Социалдык фонддун 2020-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү 57 млрд 710 млн сом деп такталган, бул бекитилген бюджеттен 182 млрд 100 млн сомго кем болууда. Чыгаша бөлүгү 57 млрд 643 млн сом болсо, чыгашалар бекитилген бюджеттен 538 млн сомго ашкан.

Пандемияга байланыштуу жыл аягына чейин салык кызматынын божомолу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү толук түшпөй калуу тобокелчиликтери бар. Бул сумма 1 млрд 70 млн сомду түзүшү мүмкүн.

Ошондой эле Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гулнара Жуматаеванын ырасташынча, быйыл орточо пенсиянын көлөмү 6061 сом болду, келерки жылы 6220 сом болору пландалган.

2021-жылы Соцфонддун кирешеси 62 млрд 496 млн сом, чыгашасы 62млрд 448млн сом деп белгиленген.

Депутат Акылбек Жапаровдон акчаны топтоо жана сарптоо тууралуу кеңештер (видео)

1 пикир

1 пикир

  1. Руслан

    01.12.2020 22:45

    Куч органдарынан да соцфондго кармалышы керек!айлыктарын 100%алышат,пенсиясы да жогору мугалимдерден

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM